ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГЕТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГЕТИКАСЫ – жылуулук тех­никасынын жылуулук, электр ж. б. кыймыл­даткычтардын жардамы м-н жылуулукту энер­гиянын башка түрүнө өзгөртүүчү (негизинен механикалык энергияны электр энергиясына) тармагы. Жы­луулуктун эсебинен механикалык энергияны өндүрүү үчүн жылуулук күч курулмалары колдонулат. Мындан алынган механикалык энергия жумушчу маши­наларды (металл иштетүүчү станоктор, автомо­билдер, конвейерлер ж. б.) же электр энергия­сын иштеп чыгуучу электр-механикалык генераторлорду кыймылга келтирет. Жылуулуктун электр энер­гиясына айланышы электр-механикалык генераторсуз эле ишке ашса, мындай курулмалар энергияны түз­дөн-түз айландыруучу болуп эсептелет. Буларга магнит-гидродинамикалык ж-а магнит-термо­электрдик генераторлор, энергияны өзгөртүп түзгүчтөр кирет. Жылуулукту электр энергиясы­на айландыруу негизинен жылуулук электр станцияларында ишке ашырылат. Мында күйгөн отундун, ядролук отундун, жердин ички жылуу­лугунун, Күн системасынын энергиясы пайдала­нылат.