ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨРГҮЧТҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨРГҮЧТҮК – жылуулук энер­гиясынын нерсенин температурасы жогору бөлүгүнөн температурасы төмөн бөлүгүнө таралуу процесси. Жылуулук өткөргүч – жылуулук берүүнүн бир түрү. Жылуу­лук берүүнүн башка түрлөрү болгон конвекция­лык ж-а нур аркылуу жылуулук алмашуудан Жылуулук өткөргүчтүн айырмасы энергиянын бир орундан экинчи орунга атом, молекулалардын кыймы­лы м-н берилишинде. Изотроптук нерсе үчүн жылуулк өткөргүч Фурье закону м-н аныкталат. Бирдик аянт аркылуу бирдик убакытта өткөн жылуулук агы­мы q температуранын градиентине түз пропорция­лаш q=–λ∆Т/∆х, мында ∆Т⁄∆х– температуранын градиенти, γ – жылуулук өткүрүү коэффициенти, «–» белги жылу­улук агымынын ысык бөлүгүнөн муздак бөлүгүнө карай багытталышын көрсөтөт.