ГИДРОБИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОБИОЛО́ГИЯ (гидро... ж-а биология) – сууда жашаган организмдер, алардын жашоо шарттары, өз ара байланыштары, океан-деӊиздер м-н агын суулардын биол. продукттуулугу ж-дөгү илим. Суунун физ.-геогр. өзгөчөлүктөрү (хим. курамы, эриген газдар, алардын саны, суунун тунуктугу ж. б.) андагы организмдерге ж-а алардын тиричилик аракеттерине жараша болот. Г-нын негизги милдеттери: суудагы процесстерди башкаруу, б. а. кишиге пайдалуу организмдерди көбөйтүү, керексиздерин азайтуу, суунун биол. продукттуулугун жогорулатуу. Г-га суудагы калдыктар м-н булганычтарды изилдөө, сууларды булгануудан тазалоо жолдорун иштеп чыгуу да кирет.