ЖЫРГАЛАҢ БАТКАК КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ БАТКАК КЕНИ Ысык-Көл облусу­нун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 12–15 км түндүк тарапта, Жыргалаң суусунун оң өйүзүндө, деңиз денгээлинен 1610 м бийикте жайгашкан. 1966-жылы табылган. Кен байыркы көл чөкмөлөрүнөн түзүлгөн. Чөкмөнүн үстүндө кумдуу чопо м-н кум (калыңдыгы 0,5–1,5 м), астында дарылык ка­сиети бар кара, каралжын боз түстөгү илээш­кек баткак жатат. Ал бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Баткактын орточо калыңдыгы 6,5 м. Аз минералдашкан (1,4–1,7 г/л), нымдуулугу 34%, салыштырма салмагы 1,6–1,65 г/см3. Микроэле­менттерге бай. Коллоиддик комплекси 10–11%. Аянты 99 миң м2, запасы 700 миң т. Жыргалаң курортунда пайдаланылат.