ЖЫРГАЛАҢ ГИПС КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ ГИПС КЕНИ Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Каракол шаарынан 70 км чыгыш, түн.-чыгыш тарапта, Жыргалаң айлынан 1,5 км түн­дүктө, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Эки-Чат суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2500 м бийикте жайгашкан. 1947-жылы Кыргыз ССР гео­логия башкармалыгы тарабынан геологиялык съёмка жүргүзүүдө табылган. 1950-жылы «Средазгеолнеруд» трести геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүп, запасын эсептеген. Кен аймагында таш көмүр мезгилинде пайда болгон каралжын боз түстөгү акиташ теги, сланец, кумдук, гипс ж-а мергель тоо тектери жатат. Гипстин пайдалуу катмар­лары линза сымал кабат түрүндө антиклинал­дык бүктөлүүнүн түн. капталында. Гипс нык ке­лип, каралжын, боз, агыш боз, ак түстөрдө, кар­бонаттуу чопо м-н бир аз булганган. Көлөмдүк салмагы өчүрө электе 1,24; өчүргөндөн кийин 0,984. Технологиялык касиеттери ж-а химиялык курамы боюнча 2-сорттогу курулуш гипсине кирет. Аны порт­ланд-цемент чыгарууда ж-а жер семирткич ка­тары колдонууга болот. Жалпы запасы 1609 миң т. Кен азырынча казылбайт.