ЖЫРГАЛЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛЧЫЛЫК – калктын бардыгынын‚ айрым класстын‚ социалдык топтун‚ үй-бүлөнүн‚ жеке адамдын жашоо-тиричилик үчүн зарыл болгон материалдык байлык‚ социалдык ж-а рухий дөөлөт м-н камсыз болушу. Материал­дык байлык – бул тамак-аш‚ кийим‚ турак-жай‚ эмерек‚ турмуш-тиричилик ж-а маданият буюмда­ры‚ транспорт‚ байланыш‚ дарылоо ж-а сала­маттыкты сактоо каражаттары ж. б.; социал­дык дөөлөт – жумуш м-н камсыз болуу‚ эмгек шарттары‚ социалдык камсыздоо‚ жашоонун экологиялык шарттары ж. б.; рухий дөөлөт – матери­алдык эмес өндүрүштүн мекемелери көрсөтүүчү кызмат. Жыргалчылык өндүргүч күчтөрдүн деңгээлине ж-а өндүрүштүк мамилелердин мүнөзүнө жараша болот. Өндүргүч күчтөрдүн жогорулашы жыргалчылыктын жогорулашына өбөлгө түзөт. Бирок жыргалчылыктын өсүшү иш жүзүндө коомдогу өндүрүштүк мами­лелер м-н шартталат.