ЖЫРТЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРТЫШ – кездеменин айрып алынган бө­лүгү. Көзү өткөн кишинин сөөгүн алып чыгарда аялдарга таркатылган. Жыртыш карыган киши каза болгондо гана берилет. Бул – байыркы мезгил­дерден калган салт. Көп жашаган же өтө ка­дырман киши өлгөндө, андагы касиеттүү сапаттар көзү тирүүлөргө өтсүн деген ишеним менен алар­дын кийимин жыртып алып кетүү каадасына байланыштуу келип чыккан.