ЖУСУБАЛИЕВ Кубатбек
ЖУСУБАЛИЕВ Кубатбек (30. 10. 1941-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Кердегей айылы) – жазуучу. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн, 1965– 67-жылдарда Москвадагы жогорку сценарийчилер курсунун угуучусу болгон. Чыгармачылык жолу 1963- жылдан башталган. Жусубалиев – кыргыз адабиятындагы постмодернизм багытындагы чыгармаларды жараткан бирден бир жазуучу. Анын алгачкы «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер» аттуу аңгемелери жана «Күн автопортретин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм методунун негизинде жазылгандыгы байкалат. 1981-жылы жазуучунун 2-китеби, «Толубай сынчы» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. 1987-жылы "Ала-Тоо» журналына «Амбарная книга» повести «Күздүн акыркы күнү» деген ат менен жарык көргөн. 1991-жылы «Муздак дубалдар» аттуу китеби чыккан. Жусубалиевдин чыгармачылыгы менен кыргыз адабиятында жаңы багыт, жаңы нук пайда болгон.