ЖЭЭНАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 4 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭНАЛИЕВ Токтожума (9. 5. 1933-жылы туулган, То­гуз-Торо району, Арал кыштагы) – милициянын гене­рал-майору (1984), СССР ИИМдин эмгек сиңирген кыз­маткери (1974), КРдин эмгек сиңирген юристи (1994). Жалал-Абад шаарындагы муга­лимдер институтун (1952), СССР ИИМдин Алматыдагы ата­йын мектебин (1960), Мос­квадагы жогорку мектебин (1968) бүтүргөн. 1952–55-жылдарда Казарман орто мектебинде мугалим, комсомолдун То­гуз-Торо райкомунда бөлүм башчы, 1959–62-жылдарда Нарын шаардык ички иштер бөлү­мүндө участкалык инспек-

тор, 1962–63-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкар­малыгынын оперуполномочени, 1963–71-жылдарда То­гуз-Торо, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүм­дөрүнүн улук уполномочени, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1971–72-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында бө­лүмдүн начальниги, 1972–75-жылдарда Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 1975–87-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында на­чальниктин орун басары, начальниги, 1987– 96-жылдарда ИИМде кадрларды даярдоо борборунун на­чальниги, 1998-жылдан КР ИИМдин Э. Алиев атындагы академиясынын профессору. Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы Манас ордендери ж-а ме­далдар м-н сыйланган.