ЖЭЭНБАЕВ Хасан

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 4 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖЭЭНБАЕВ to ЖЭЭНБАЕВ Хасан) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭНБАЕВ Хасан (1902, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы – 1937, сөөгү 1992-жылы

Чоң-Таштагы Ата-Бейит көрүстөнүнө коюл­ган) – мамлекеттик ишмер. Балдар үйүндө тарбияла­нып, айыл чарба мектебинде окуган (1918–19). 1919–21-жылдарда Кызыл Армиянын катарында кызмат кылган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1926–28-жылдарда советтик ж-а комсомолдук кызмат­тарда иштеген. 1928–29-жылдарда Украина КП(б) Кадиев рай­комунун уюштуруу бөлүмү­нүн башчысынын орун ба­сары, 1933–35-жылдарда Кыргыз АССР ВКП(б) Базар-Коргон райкомунун секретары, ВКП(б) Кыргыз обкомунун уюштуруу ж-а айыл чарба бөлүмү­нүн башчысы, 2-секретары. 1937-жылы Кыргызстан КП(б) БКнын экинчи секретар­лыгына шайланып, ошол эле жылы репрессия­га дуушар болуп, атылып кеткен. 1957-жыл то­лук акталган.