ДУНГАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 4 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН ТИЛИ – дунган элинин тили. Син­тибет тилдеринин тобуна кирет. Кээ бир окумуш­туулар дунган тилин кытай тили же анын диа­лекти деп эсептеп жүрүшөт. Дунган тили өзүнчө тил эке­нин окумуштуулар (Е. Д. Поливанов жана башка) фак­тылардын негизинде далилдеген. Дунган тилиннде Кы­тайда, Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда жашаган дунгандар сүйлөйт. Орто Азияда жаша­ган дунгандардын тили ганьсу жана шеньси де­ген эки диалектиден турат. Ганьсу диалектине ягэ, шеньси диалектине дунмый айтымы (гово­ру) кирет. Дунган адабий тили ганьсу диалек­тинин негизинде түзүлгөн. Дунган тилинин сөздүк кура­мында араб-иран, уйгур, кыргыз, татар, казак, өзбек ж-а орус тилдеринен кирген сөздөр кезде­шет. Дунган тилинин жазуусу 1928-жылга чейин араб, 1928– 53-жылдарда латын графикасында болгон. 1953-жыл­дан орус графикасында.