ЖЭЭНЧОРОЕВА
ЖЭЭНЧОРОЕВА Розалия Жаманкуловна (30. 5. 1935-жылы туулган, Россия, Оренбург облусу, Бугуруслан шаары) – геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1990), профессор (2000), КРУИАнын корреспондент-мүчөсү (1993), академиги (2010). Москва түстүү ж-а алтын институтун (1957) бүткөн. Куттуу- Сай геологиялык чалгындоо партиясында, КР УИАнын геология институтунда улук илимий кызматкер, 1976-жылдан лаборатория башчысы болуп иштеген. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын автору. Илимий ишинин негизги багыты – петрология ж-а кен байлыктарды изилдөө. КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).

Эмг.: Скарны и оледенение Гавасая. Ф., 1973; Золоторудное месторождение Макмал и модель его формирования // Геология рудных месторождений. М., 1999.