ЖҮЗ БАШЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 4 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗ БАШЫ – орто кылымдарда түрк тилдүү эл­дерде колдонулган аскер наамы. Алгач миң жоо­кер жүздүктөргө, жүздүктөр ондуктарга бөлүнүп, миңдиктердин башында миң башы, жүз жоо­керге жүз башы, ондуктарга он башылар башчылык кылышкан. 19-кылымда Борбордук Азияда колдонулган акимчилик кызматка байланыштуу мурунку аскер наамдары м-н кошо жүз башы наамы Ок­тябрь революциясына чейин сакталган.