ЖҮКТӨГҮЧ МАШИНА
ЖҮКТӨГҮЧ МАШИ́НА – өзү жүрүүчү (каз тамандуу же дөңгөлөктүү), жүк жүктөө, түшүрүү, катарга тизүү ж-а чукул аралыкка ташып берүүгө арналган үзгүлтүксүз же мезгилдүү иштөөчү машина. Ал кампада, өнөр жай ишканасынын аймагында, цехте, портто ж. б. жерлерде колдонулат. Мезгилдүү иштөөчү жүктөгүч машинага асма жабдуу орнотулат ж-а айрылуу, сузгучтуу, бадья, атайын кармагыч пакеттер ж. у. с. жүктөгүч түзүлүштөр м-н жабдылат. Үзгүлтүксүз иштөөчү жүктөгүч машинада чынжырлуу ж-а кыргычтуу конвейерлер орнотулуп, жүк кыргычтар, ротордук же винт түрүндөгү түзүлүштөр м-н берилет. Кыймылга келиши боюнча автожүктөгүч ж-а электр жүктөгүч болот. Эл чарбасынын ар кандай тармактарына арналган атайын жүктөгүч машина колдонулат, мисалы, тоо-кен өнөр жайында тоо тектерин ташыйт; ал эми айыл чарбасында – кызылча, көртөшкө, чөп, минерал жер семирткич, чым көң ж. у. с. жүктөлөт.