ЖҮН ЖУУГУЧ АГРЕГАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 4 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮН ЖУУГУЧ АГРЕГА́Т – жүн жуучу бир нече машинанын комплекси. Автоматтык түрдө иштөөчү жүн жуугуч агрегат копшогуч, жуугуч жана кур­гаткыч машиналардан турат. Кир жүн адегенде жуугуч материалдардын (самын, сода, поро­шок) коромжу болушу азайып, жуу сапатын жогорулатуу үчүн агрегаттын биринчи бөлүгүндө 30 мин чыланат. Чыланган жүн жууш үчүн кийинки машинага атайын механизмдердин жардамы менен берилет. Жүн жуугуч агрегаттын узундугу 70 м, бийиктиги жана туурасы 3 м, саатына 450–700 кг жүн жууйт.