ЖҮРӨК ХИРУРГИЯСЫ ЖАНА ОРГАНДАРДЫ АЛМАШТЫРУУ ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ
ЖҮРӨК ХИРУРГИЯСЫ ЖАНА ОРГАНДАРДЫ АЛМАШТЫРУУ ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ КРдин с а л а м а т т ы к с а к т о о м и н и с т р л и г и н и н – жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын диагноздоо ж-а хирургиялык жол м-н дарылоонун жаңы методдорун киргизүү, ошондой эле органдарды алмаштырууну клиникалык практикага киргизүү боюнча илимий иштерди жүргүзүүчү мекеме. 2004-жылы уюшулган. Институттун 8 бөлүмү бар: консультация-диагноздоо; кийин пайда болгон ж-а тубаса жүрөк кемтигинин хирургиясы; жүрөк ыргагынын бузулушу; трансфизиология ж-а бөйрөктү алмаштыруу бөлүмү ж. б. Институтта КР УИАнын 1 корреспондент-мүчөсү, 4 илимдин доктору, 11 илимдин кандидаты эмгектенет (2007). 2005-жылдан институттун директору – Абдраманов К. А.