ЖӨЖӨ ЫРЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 4 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨЖӨ ЫРЧЫ , Чөжө (Шөже) Каржаубай уулу (1808, Көкчө-Тоо облусу, Кызыл-Туу району – 1895, ошол эле жер) – казак, кыргыз элине кеңири маалым акын. Айтыш өнөрүндө алдына киши салбаган чыгаандыгы, өткүрлүгү, тубаса талан­ты м-н муундан-муунга өтүп, аңыз болуп айты­лып калган. Түпкү теги – кыргыз; саруу уруусу­нун кашкатаман уругунан. Ата-бабасы Талас­ты жердеген. Ата-энеси 1779–80-жылдарда Абы­лай хандын кыргыздарга жортуулунда туткун­далып кетиптир деген сөз бар. Жөжө ырчы 1880-жыл­дарда Байтиктин айылына келип, таластык Жаныш акын м-н айтышканда: «Мен – саруу, Жаныс – кушчу чала буудан, Байтик эр – экөө­мүзгө ара тууган, Арбакка салармын арстан Байтик, Кем көрсөң Шөже агаңды Жаныс куу­дан», – деп, өзү жөнүндө ачык маалымат берген. Жөжө ырчынын чыгармачылыгы, өмүр таржымалы казак жергесинде, казак фольклорунун ж-а салттуу ырчылык поэзиянын нугунда калыптанып, өсүп-өнүккөн. Ырчы бала кезинде чечек м-н ооруп, эки көздөн ажырап, ары ата-энеден эрте кол жууп, өтө кыйынчылыкта, оор түйшүктө, жакырчылыкта эр жетсе да, чыныгы төкмөлүк таланты, курч сөздүү, өткүр чынчылдыгы м-н казак элинен урмат-сый, чоң аброй таап, «бул­бул» атыккан. Чыгармачылык багыты боюнча ал айтыш акыны. Жөжө ырчы учурунда Жети-Суу казак, кыр­гыздарын аралап, эл башкарган мыктыларды, султандарды мактап, туура эмес жагын сындап да жүргөн экен. Бирок анын кыргыз жергесин­де ырдаган ырлары жазылып алынган эмес. Акындын ысмы эл арасында белгилүү болгон­дугуна карабастан, иликтөө иши 1960-жылда­ры гана башталган. Анын Байтикти мактага­ны, кордогону, Жаныш акын м-н айтышынын аз гана бөлүгү жазылып алынып, КР УИАнын тил ж-а адабият институтунун кол жазмалар фонду­сунда сакталып турат. Айтышкандан кийин Жаныш акын аны ээрчитип, ата-бабасы өткөн Талас жергесин эки айча кыдырат, «конушу анда болсо да, көңүлү мында болуп» өмүр бою өксүп келген көңүл бөксөсүн толтурат. Жаныш да зал­кар акын м-н айтышуудан зор каниет алып, анын чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру катары баа­лап, эскерчү экен. Тагдырдын буйругу м-н эки элге бирдей таандык акын болгон. Жөжө ырчы «Отор­кан» аттуу эски жомокту да айтуучу экен.

Ад.: Исмаилов Е. Акындар. Алматы, 1956; Айтыс. I том. Алматы, 1965.

Б. Кебекова.