ЖӨНДӨГҮЧ
ЖӨНДӨГҮЧ (р е г у л я т о р) – автоматтык жөндөө системасынын негизги бөлүгү. Бул түзүлүштө башкаруунун максаты, башкарылуучу объектинин учурдагы абалы жөнүндөгү маалыматтардын негизинде башкаруу таасири иштелип чыгат. Алгачкы жөндөгүч 18-кылымда жасалган. Алар Ж. Уайттын борбордон четтөөчү ж-а И. И. Ползуновдун калкымалуу жөндөгүчтөрү. 20-кылымдын орто чендеринде өндүрүштүк теорияларды башкаруу үчүн ар кандай типтеги өндүрүш жөндөгүчтөрү курулган. Азыр өндүрүштө, микропроцессордук техниканын негизинде курулган жөндөгүчтөр, өнөр жайында, машина куруу тармактарында электр энергиясынын негизинде иштөөчү; ал эми жер астында кен казуу өндүрүшүндө өрт, жарылуудан сактануу үчүн суу-аба жөндөгүчтөрү колдонулат.