ЖӨРГӨМ
ЖӨРГӨМ – кыргыздын улуттук тамактарынын бири. Жаңы союлган койдун ич этинен (ичеги, карын, өпкө, карын май) даярдалат. Таза жуулуп, бартталган (жыдытылган) карын жана өпкөнү ичке тилип, калемпир-мурч сээп, корушу сиңгиче тындырат. Тилинген карын менен өпкөгө ичегини (таза артып, жууп, муздак сууга салынган) бириктирип, карын май кошуп, түрдүү ыкмада (камчы өрүм, чалып өрүү, ороп өрүү) өрүп жасайт. Ө р ү л г ө н жөргөм узун болот. Жөргөм жасалуу ыңгайына жараша майлуу жөргөм (карын май кошулат), э т т ү ү жөргөм (төштүн салбырчагы менен карчыганын учунан жукалап кесип, туздуу, жылуу сууга салып ж и б и т и п, жумшарган этти өпкө менен карынга кабаттап өрөт), э р м е н жөргөм (эрмен жеген эчкинин жөргөмүн дарылыкка жешкен) болуп, бир нече түргө бөлүнөт. Жөргөм эт менен кошо бышырылат. Жөргөм мурда кыз-келиндин гана ашы болсо, учурда аш-тойлордо чүйгүн тамак катары кеңири колдонулат.

