ЖӨТӨЛ
ЖӨТӨЛ – дем алуу органдарынын (коко, кекиртек, бронх, өпкө) ооруларынын негизги белгиси. Дем алуу жолунун былжыр челинин сезгенүүсүнөн, какырык же бөтөн нерсе дүүлүктүргөндө пайда болот. Кээде дем алуу жолу дүүлүкпөй эле сүйрү мээдеги жөтөл борбору козголуп, рефлекстик жөтөл пайда болот. Мындай жөтөл корккондо, уялганда ж. б. байкалат. Жөтөл кургак (какырыксыз) ж-а какырыктуу болуп бөлүнөт. Жөтөлдө терең дем алып, бронх же бүт дем алуу булчуңдары чыңалат; үн жылчыгы жабылып, көөдөндүн ички басымы жогорулайт. Үн жылчыгы кайра ачыла баштаганда аба күч м-н сыртка чыгат да, өзү м-н кошо өпкөдөн какырык же бөтөн нерселерди ала чыгат. Бул дем алуу жолун тазалайт ж-а жагымдуу таасир этет. Бирок узакка созулган, бат-бат жөтөлүү организмге зыяндуу. Кээде өтө узакка ж-а катуу жөтөлгөндө көкүрөк ачышып, дем кыстыгат, оорулуунун алы кетип, уйкусу качат, өпкөгө аба толот. Фарингитте кулкун ачышып, кычышып, оорулууну кыйнаган кургак жөтөл болот. Коко (ларингитте) же кекиртек (трахеит) катары учурунда күркүлдөп, тынбай жөтөлөт, үн байламталары сезгенгенде, кырылдаган жөтөл, көк жөтөлдө туталак жөтөл болот. Жөтөлдө суткада бөлүнгөн какырыктын өлчөмү ар кандай болуп, кээде бир нече стаканга жетиши мүмкүн (мисалы, бронхоэктазда). Аны врач гана дарылайт. Жөтөлдү жок кылуу же жеңилдетүү үчүн негизги ооруну (бронхит, өпкөнүн сезгениши ж. б.) дарылоо керек. Какырыктуу жөтөлдө какырык начар бөлүнсө, какырык чыгаруучу заттар сунуш кылынат; көкүрөктүн жогору жагына горчичник коюу, ар кандай минералдуу суу, бал кошулган ысык сүт берүү, бутка ысык ванна, көкүрөккө компресс жасоо, оңко коюу кургак жөтөлдү жеңилдетет ж-а оорусун басаңдатат.