ВАРШАВА КЕЛИШИМИ (1955)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРШ́АВА КЕЛИШИМИ (1955) – Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы (ГДР), Польша, Румыния, СССР ж-а Чехословакиянын ортосундагы достук, кызматташтык ж-а өз ара жардамдашуу ж-дөгү келишим. Европада тынчтыкты ж-а коопсуздукту камсыз кылуу б-ча европа мамлекеттеринин Варшава кеӊешмесинде 14-майда кол коюлган. В. к-нин негизинде Варшава келишим уюму түзүлгөн. Албания 1962-жылдан В. к-нин ишине катышпай, 1968-ж. сентябрда андан кол үзгөн. Париж макулдашууларынын (1954) ратификацияланышынан кийин В. к. 1955-ж. Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү м-н АКШнын ортосундагы согуштук союздун түзүлүшүнө алып келген. Бул келишим соц. өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, Европада тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн. БУУнун Уставына ылайык В. к-не кол койгон тараптар эл аралык мамилелерде күч колдонуудан баш тартууга, массалык кыргын салуучу ж. б. куралдарды кыскартуу үчүн натыйжалуу чараларды жүргүзүүдө чечимдерди чогуу кабыл алууга, жалпы кызыкчылыктарды камтыган бардык маселелер б-ча консультация өткөрүүгө, анын ичинде келишимдин бир же бир нече катышуучусуна куралдуу кол салуу коркунучу пайда болсо, өз ара жардамдашууга, В. к-не каршы максатта түзүлгөн кандай гана уюм же союз болбосун, ага катышпоого милдеттенишкен. Келишимдин мөөнөтү – 20 жыл, эгер бул мөөнөт бүткөнгө чейин бир жыл калганча тигил же бул өлкө келишимди денонсациялоо тууралуу Польша өкмөтүнө билдирбесе, мөөнөт өзүнөн өзү 10 жылга узарат. Өз ара пикир алмашууга ж-а келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карап туруу үчүн саясий консультациялык комиссия, о. эле куралдуу күчтөрдүн бириккен командованиеси (жайгашкан жери – Москва ш.) түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу В. к. ага кирген мамлекеттер тарабынан 1985-ж. 26-апрелде дагы 20 жылга узартылган. Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) м-н бириккендигине байланыштуу ГДР 1990-ж. 24-сентябрда В. к-нен чыккан. Болгария, Польша, Венгрия, Румыния, СССР ж-а Чехословакия В. к. күчүн жоготкондугу тууралуу токтомго 1991-ж. 1-июлда Прага ш-нда кол коюшкан. Ад.: Варшавский договор: история и современность. М., 1990; Грибков А. И. Судьба Варшавского договора. М., 1998.