ЖӨӨ ТУМАН
ЖӨӨ ТУМАН – жер бетин каптап түшкөн коюу туман. Түнкү муздоодон жер бетине жакын (бир нече мден ондогон м бийикке чейин) пайда болот. Жөө тумандын пайда болушуна рельефтин терс формалары (мисалы, дарыя өрөөндөрү, чуңкурчактар), саздуу ж. б. жерлер ыңгайлуу шарт түзөт.