ЗАКОН (кубулуштар ортосундагы мамиле)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЗАКОН 1 to ЗАКОН (кубулуштар ортосундагы мамиле)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАКО́Н (филос.) – кубулуштар ортосундагы за­рыл, олуттуу, туруктуу, кайталанма мамиле. Объективдүү ж-а субъективдүү дүйнөнүн маңы­зын чагылдырат. Өз ара диалектикалык байла­нышта жалпы закон жекече закондор аркылуу аракет­тенет. Закон адамдардын аң-сезимине көз каранды­сыз объективдүү мүнөздө өкүм сүрөт. Илимдин эң башкы милдети – табияттын, коомдук өнү­гүүнүн, ойлоонун закондорун таанып-билүү болуп ж-а адамдардын жаратылышты, коомду кайра куруусунун негизи болуп эсептелет.