ЗЕРГЕР (Өзгөн районундагы суу)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕРГЕР , З а р г а р (фарсча зэр – алтын; гер/ гар – тоо) – Өзгөн районундагы суу, Жазынын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-ба­тыш капталынан башталган Талды-Суу м-н Түр­пүсуунун кошулушунан пайда болот. Узундугу (Тал­ды-Сууну кошкондо) 54 км (Талды-Суу м-н Түрпүсуу кошулган жерден Жазыга чейин 33 км), алабынын аянты 216 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2020 м. Күлдөбөс тоосу­нан (бийиктиги 2995 м) башталып, жогорку агы­мына бир нече булак суу куят. Куймасы Ничке кошулгандан кийин жазы өрөөнгө чыгат. Куй­малары: Ничке (27 км), Кутурган (10 км). Жыл­дык орточо чыгымы 2,92 м3/сек. Негизинен кар, жаан-чачын, булак-сууларынан куралат. Өрөөн­гө чыга бергенде, сугат каналдарына бөлүнүп ке­тет. Алабы жайыт.