ЗИМА Борис Михайлович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЗИМА to ЗИМА Борис Михайлович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИМА́ Борис Михайлович [20. 8. 1908, Украи­на, Елизаветград (азыркы Кировоград шаары) – 1980, Фрунзе] – педагог, тарыхчы, профессор (1972). Кыр­гыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1972). Моск­вадагы тарых философия институтун бүтүргөн (1935). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1942– 46). КМПИде (1935–42; 1946–51), КМУда окутуу­чу, доцент, тарых кафедрасынын башчысы, де­кан болуп иштеген (1951–80). Илимий эмгектери Кыргызстандын тарыхына арналган. Саймалы-Таш­ка чегилген сүрөт ж-а оймо-чиймелерди изил­деп, анын табышмактуу сырларын илимий түрдө аныктаган. Зима 40ка жакын илимий эмгектин авто­ру. Ленин, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.

Эмг.: Иссык-Кульские жертвенники. Ф., 1941; Из и с т о р и и из у ч е н и я н а с к а л ь н ы х из о б р а ж е н и й Киргизии//Тр. Ин-та истории АН Кирг. ССР. Ф., 1958. В. 4.