БУКАРА (Панфилов районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) (Begay moved page БУКАРА 1 to БУКАРА (Панфилов районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКАРА – Чүй облусунун Панфилов районундагы кыштак. Орто айыл округуна караштуу. Чоӊ Кайыӊды суусунун сол өйүзүндө, деӊиз деӊгээлинен 946 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кайыӊды шаарынан 21 км түндүк-чыгыш тарапта. 1929-жылы отурукташкан. Калкы 1017 (2022); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.