БУЛАК-БАШЫ (Баткен районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАК-БАШЫ – Баткен районундагы кыштак. Административдик-аймактык жактан Баткен шаарына баш ийет. Райондун борбору Баткен шаарынан 5 км түндүк тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 17 км. Деӊиз деӊгээлинен 996 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1156 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет.