ИБРАГИМОВ Галимжан
ИБРАГИМОВ Галимжан Гирфанович [28.3. (19. 4). 1887, Уфа уезди, Стерлитамак губерниясы, Султанмурат кыштагы – 21. 1. 1938, Казан] – татар жазуучусу, татар адабиятына негиз салгандардын бири, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1928). Оренбург медресесинде (1898–1905), Уфадагы «Галия» медресесинде (1906–09) окуган. Чыгармачылыгы 1907-жылдан башталган. Анын 1910–12-жылдарда жазылган чыгармаларына субъективдүү романтизм мүнөздүү («Деңизде», 1911; «Сүйүү – бакыт», 1912). «Татар аялдарынын тагдыры» (1911), «Жаш жүрөктөр» (1912), «Табийгат перзенти» (1914) аттуу чыгармалары аркылуу таанылган. Ибрагимовдун чыгармалары Орто Азия элдеринин адабиятында реалисттик прозанын пайда болушуна ж-а өөрчүшүнө чоң таасир тийгизген. Ибрагимов «Жаңы адамдар» пьесасынын, «Кызыл гүл» (1922) повестинин, «Биздин күндөр (1920), «Талаа кызы» (1924), «Терең тамырлар» (1928) романдарынын автору. «Адабият теориясы» (1916), «Татар орфографиясынын принциптери» (1924), «Эне тилин окутуунун методикасы» (1938) аттуу илимий ж-а «Татар студенттеринин козголоңу тарыхынан» (1922) деген тарыхый эмгектери бар. Анын прозалык чыгармалары дүйнөнүн көп тилине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. Туулган айылында үй-музейи ачылган.