ИБРАИМОВ Анатай

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАИМОВ Анатай (3. 2. 1948, Талас облусу, Киров (азыркы Манас) району, Чет-Дөбө айылы – 25. 2. 1989, ошол эле жер) – спортчу, жеңил атлетика боюнча Кыргыз ССРинин 15 жолку чем­пиону, СССР спортунун чебери (1969). КМДТИни бүтүргөн (1972). Талас облустук спорт комитетинин төрагасынын орун басары (1983), Токтогул ж-а Манас райондорунун (1986) спорт комитеттеринин төра­гасы болуп иштеген. Ибраимов негизинен 1500, 3000, 5000 м аралыктарга чуркоого катышкан. Ин­диядагы эл аралык мелдеште алтын медал­га (1973), СССР элдеринин спартакиадасында 5000 м аралыкка чуркоодо коло медалга (1979) ээ болгон.