ИВАНОВ Владимир Иванович
ИВА́НОВ Владимир Иванович (14. 9. 1904, Удмурт АССРи – 1991, Фрунзе) – химик-органик, техника илимдеринин доктору (1944), профессор (1945). Кыргыз ССР ИАнын академиги (1960).

Бауман атындагы МТЖОЖдун химия факультетин бүтүргөн (1931). СССР ИАда жетекчи кызматтарда (1939–60), Кыргыз ССР ИА ОХИнин директору (1960–75), кийин лаборатория башчысы болуп иштеген. Негизги илимий изилдөөлөрү целлюлозага арналган. Ал республиканын табигый байлыктарын эл чарбасында колдонуу максатында Кыргызстандагы өсүмдүктөрдөн баалуу углеводороддорду алуу ишин жетектеген. 200дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы, 40 ойлоп табуусу бар. Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1974), Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу, «Ардак белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Развитие и успехи вискозиметрического метода определения молекулярных весов высокомолекулярных соединений (в соавторстве). М.; Л., 1949; Молекулы-гиганты. М., 1951; О молекулярном весе целлюлозы (в соавторстве). Ф., 1962.