ИДИНОВ Айып
ИДИНОВ Айып (3.5.1927, Нарын облусу, Жумгал району, Жаңы-Арык айылы – 18.10.1997, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору (1998), профессор (1981), КРдин элге билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1993). Кыргызстан КП БКга караштуу партиялык мектепти (1950), КМУну (1958) бүтүргөн. 1943- жылдан Жаңы-Арык айыл советинин секретары, комсомолдун Жумгал райкомунун 2-,1-секретары, Тянь-Шань обкомунун секретары, 1962- жылдан КМУда улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, парткомдун секретары болуп иштеген. Кыргызстандын партиялык уюмдарында коммунисттердин авангарддык ролун жогорулатууга арналган 130 илимий эмгектин (анын ичинде 6 монография) автору. СССР билим берүүсүнүн ж-а Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги (1965). Медалдар м-н сыйланган. Жумгал районунун Кызарт айылындагы мектепке ысмы берилген.