ЖЕҢИЖОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 13 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү


ЖЕҢИЖОК (өз аты-жөнү – Көкө уулу Өтө; 1860, Талас өрөөнү, азыркы Манас району, Покровка кыштагы – 1918, Аксы району, Кара-Суу айылы) – кыргыз элинин ак таңдай акындарынын бири.

Айрым оозеки маалыматтарда Жеңижок кытай уруусуна караштуу чоодон уругунан болуп, өз атасы Жүсөй, чоң атасы Күсөй, бабасы Чоңду экени айтылат. Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын колунда жүрүп, кийинчерээк Аксы аймагынын Кара-Суу деген жеринде энеси Алтынайдын төркүнүнө барып, тайкелеринин (айрым кабарларда Садыр) колунда өскөн. Аксыда Нурмолдодон таалим алып, кат-сабатын жойгон. Акын Кыргызстан Россия империясынын курамында баскынчылык саясаттын азабын тартып калган мезгилде өмүр кечирген. Социалдык теңсиздикке капталган карапайым калктын са­ясий сезими ойгонуп, баскынчылык саясатка нааразычылыгы ачыкка чыга баштаган мезгилде Жеңижок өз доорунун орчундуу көйгөйүнөн четте калган эмес. Табият, жашоо-тиричилик жана адам баласынын коомдогу орду, өмүрүнүн маани-маңызы акындын чыгармаларында жогорку көркөмдүктө чечмеленген. Буга анын «Айт, айт десе», «Дүнүйө», «Замана» деген ырлары мисал. Акындын классикалык ырларынын бири «Аккан суу» – дүйнө таанууда идеялык-көркөмдүүгүлү жагынан нукура чеберчиликктин бермети катары бааланат. Жеңижок аккан сууну жердин жети кабатынан жарып чыккан керемет күч, адам баласынын жашоосуна дем берген улуу кыймылдын белгиси катары мүнөздөйт. «Аккан сууну» Жеңижок замандаштарынын эскерүүсүндө жети күн, бир түн тынбай айткан. Жеңижоктун «Ак­кан суусу» Барпынын, Токтогулдун аты уйкаш ырларынан кадыресе айырмаланып турат. Жеңижоктун кыргыз поэзиясында ээлеген орду ириде анын философиялык чыгармаларына байланыштуу. Акын мейли аккан сууну ырдайбы же замана темасына кайрылабы, пенделик кайгы-касыретин ырга кошобу – баарына тең анын инсан­дык өзүнчөлүгү таасын билинет, ар бир сап, акындык табылга Жеңижокко гана тиешелүү экени көрүнүп турат.

Жеңижок. Р. Иса­ков тарткан сүрөт.

Жеңижок табиятынан ыр жандуу, көркөм өнөргө шыктуу болгон. Сабаты ачылган Жеңижок айрым чыгыш акындарынын, араб дин таануучуларынын эмгектери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Мына ушул эки өңүттөн – оозеки жана жазма адабияттын ыктуу ашташынан Жеңижоктун кайталангыс акындык чыгармачылыгы ачылган. Жазма адабияттан азыктанып, көркөм сөздүн маани-мазмунун терең түшүнгөн Жеңижок өзүнүн жеке пенделик кайгы-касиретин ырга кошуудан тартынган эмес, баласы жоктугун, айыкпас дарттан азап чеккенин ал олуттуу түр менен көркөмдөп чыккан. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында арыз-арман негизинен салттуу формаларда ча­гылдырылган. Жеңижок ушул көнүмүш салтты бузуп, өзүнүн жеке пенделик арманынан да чоң көркөмдүк маани-мазмун таба алгандыгы анын «Жалгыз тал менен сүйлөшүү», «Балам жок» деген ырларынан көрүнүп турат. Жеңижок өзүнүн за­мандаш акындарынын бир тобу менен айтышкан. Анын Нурмолдо, Эсенаман, Барпы, Эшмамбет жана акындар менен айтышы белгилүү. Нурмолдо менен негизинен табышмак айтыш үстөмдүк кылса, Эсенаман менен болгон айтышында сөзгө чечендиги ачык байкалат. Барпы акын менен айтышында негизинен аалам, дүйнө кубулуштары, жер үстүндөгү жан-жаныбарлар сапаттары көркөмдүү сыпатталган. Жеңижок санат-насыят ырларында көп кайрылган. Акындын «Накыл кеп», «Үлгү ырлар», «Жакшы уул», «Дүнүйө», «Үй-бүлө» сыяктуу жана башка ырларында ар бир муун өкүлүнүн, жаш менен карынын адеп-ыймандык тартиби тууралуу философиялык терең ойлор айтылат. Анын көркөмдүк жактан мыкты чыгармалары учурунда бааланбай, жыйналбай калган. Жеңижокту изилдеген окумуштуулардын пикиринде «Алган жарым тул калды, ак куржун толо ыр калды» деген ыр саптары ушундай жагдайга байланыштуу айтылган. Ал – акындын ыймандай сыры, арылбас арманы. Жеңижоктун ырлары алгач Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазмаларды жарыялоо бөлүмү тарабынан даярдалып, 1981-жылы жарык көргөн «Эл ырчылары» жыйнагына кирген. Ал эми А. Жусупбеков жыйнаган ырлары «Жеңижок» деген ат менен өз алдынча китеп болуп, 1982-жылы жарыкка чыккан. «Залкар акындар» сериясынын 2 томдугуна КР УИАнын Кол жазмалар фондусундагы материалдардын негизинде түзүлгөн жыйнак 2000-жылы жарык көргөн. Ошондой эле 2006-жылы «Улуттук дөөлөт, рухий мурас – Улуу кыргыз көчү» элдик жүрүштүн алкагында улуу акындын 140 жылдыгына карата тандалмалары жарык көргөн. Аксы районунун Кара-Суу айлындагы мектепке анын ысмы берилип, айкели тургузулган, музейи бар.

Жеңижоктун өмүрү жана ырларына байланыштуу эл оозунан ар кайсы мезгилдерде чогултулган бир топ маалыматтар Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын алдындагы кол жазмалар фондунда сакталуу турат.

Ад.: Акыев К. Баскан жол. Ф., 1964; Айтыштар, 1-т. Ф., 1972; Эл ырчылары / Түзгөн С. Кайыпов. Ф., 1981; Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Жеңижок / Түзгөн А. Жусуп­беков. Б., 2006.


А. Обозканов.