ЖАҢЫЛМАЧ
ЖАҢЫЛМАЧ – айтууга кыйын болгон уйкаш муундардын, сөздөрдүн туташ келишинин негизинде түзүлүп, ылдам айтканда жаңылып, сөздү так айта албай кала турган сөз тизмектери; фольклордук күлкүлүү чакан жанр. Тыбыштардын окшоштугу – жаңылмачтын айныбас композициялык принциби. Ошондуктан жаңылмачта көркөм сөздөгү добуштук окшоштуктарды жаратуучу аллитерация, ассонанс, анафора, тавтология, эвфония, рифма, редиф сыяктуу формалар жыш учурайт. Ал айтылышы үндөш тыбыштардан турган сөз тизмектеринен атайын курулуп, жаш муундарды өз эне тилинде так жана уккулуктуу сүйлөөгө, чечендикке, көркөм сөздү кастарлоого тарбиялайт.