ИЗОМОРФИЗМ (химияда)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИЗОМОРФИЗМ 1 to ИЗОМОРФИЗМ (химияда)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОМОРФИ́ЗМ (изо... ж-а гр. morphe– фор­ма) – химиялык курамы боюнча бирдей заттардын ок­шош формада кристаллдануу касиети. Мында кристаллдарда ж-а минералдарда химиялык элемент­тер бири-бири м-н алмашат. Изоморфизм химиялык элемент­тердин атомдук касиеттеринин окшоштугуна, пайда болгон кошундулардын мүнөзүнө ж-а түзү­лүшүнө, термодинамикалык шартына байланыштуу. Изоморфизм жа­ратылышта кеңири тараган. Бул минералдар­дын химиялык курамынын татаалдыгы ж-а бир эле кошундудагы көп элементтин парагенезиси м-н түшүндүрүлөт.