ИЛЕ (тарыхый аймак)
ИЛЕ – тарыхый аймак. Иле өрөөнүнө байланышкан тарыхый маалыматтар өтө сейрек. Алгачкы маалыматтар Тан династиясынын (7–10-кылымдар) тарыхында эскерилет. 638-жылы Юйгу Ше (Дулу) хан м-н Хилиши Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, батышын Дулу хан, чыгышын Хилиши алып, Батыш түрк уруулары эки хандыкка бөлүнгөн. Натыйжада кыргыздар (гйегу, хягас) Дулу хандын ээлигинде калган. «Худуд ал-алам» боюнча Ила дарыясы Иргадж-арттан башталып Ысык-Көлгө куят деп айтылган. Иле бою байыртадан бери эле Римден (Византия) Чыгыш Түркстан, Кытайга өткөн соода жолунун (к. Улуу Жибек жолу) өтө маанилүү бутагы болуп саналган. 7–13-кылымдарда Иле мусулман дүйнөсүнүн чеги катары каралган, ал эми анын чыгышындагы аймактар моңголдордун басып алуусунан кийин ислам динине киргизилген. Тимурдун жортуулу тушунда Текес, Теке, Йака деген ат м-н эскерилген. М. Кашкари боюнча Иле дарыясы түрк жеринин Жейхуну (Аму-Дарыя) катары эсептелинип, анын жээгинде тухсы, ягма, чигилдер жашаган. Өрөөн көбүнчө жайыт катары пайдаланылган. Иледе жайгашкан шаарлар жөнүндө бир аз маалыматтар бар. Иле өрөөнүнөн 9–13-кылымдарга таандык 66 шаар калдыктары изилденген. Рубрук Иленин түндүгүндө Эквиус деген шаар болгонун ж-а анда фарсы тилинде сүйлөгөн сарациндер жашаганын эскерген. Армян падышасы Хетум аны Иланбалек, дарыяны Илан-су, ал эми кытайлыктар бул шаарды Или-бали же Илибани, башкача айтканда Илибалык – «Илидеги шаар» деп аташкан. Иленин Балхашка куйган жеринде (Баканас өзөнү) эски арык, курулуштардын урандылары калган. Бирок, анын кайсыл мезгилге тийиштүү экени аныктала элек. Адегенде Чагатай улусунун, кийин бир аз убакыт Моголстан мамлекетинин борбору болгон Алмалык шаары дагы Иле аймагында жайгашкан. 15–16-кылымдарда Иледе кыргыз тарыхына байланышкан маанилүү окуялар болуп өткөн (кыргыздардын моголдорго, Тимурга каршы күрөшү, Манап бийдин өлүмү). 17– 18-кылымдарда Иле өрөөнү толук Жуңгар хандыгынын кол алдында калган. 18-кылымдын экинчи жарымында Эсенкул баатырдын сунушу м-н кыргыздар Чүй, Иле жээгине жайгаша баштаган (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). Ушул мезгилге тийиштүү орус маалыматтарында кыргыз-казактардын чеги «Иле өзөнүнүн Балкашка куйган жерине 100 чакырым жетпей» ж-а «Иле суусу кыргыздарды Кытай мамлекетинен да, казактардан дагы бөлүп турганы» ырасталат (к. Кыргыз-казак чек ара маселеси). Дарыянын сол жээги Үч Алматы, Сары-Токум кыштоосу, Челек, Каркыра, Кеген, Текес сарыбагыш ж-а бугу урууларынын туруктуу жайлоосу болгон. 1847-жылы Капал чебинин тургузулушу м-н орустардын басып алуучулук саясаты күчөп, казактын Улуу жүзүнө кирген уруулар Иленин оң жээгине, ал эми ал жердеги кыргыздар акырындык м-н Чүй өрөөнүнө жыла баштаган. 1854-жылы Иленин оң жээгине Алматы шаары курулуп, 1881-жылы Россия м-н Кытайдын ортосунда чек ара маселелери чечилип, келишим түзүлгөн. Натыйжада, Кытайдын карамагында калуудан баш тарткан казактын албан урууларынын 5 миң түтүнү бугу уруусу конуштап жүргөн Кеген ж-а Текес сууларынын жогорку агымына көчүрүлгөн. Ал эми бугу уруусу Ысык-Көлдүн түштүк тарабына көчүрүлүп, кыргыз м-н казактын ортосундагы чек ара Санташ ашуусу аркылуу ажыратылган.
Ад.: Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана, Б., 1996; Андреев И. Г. Описание Средней Орды киргиз-койсаков. А., 1998; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или каракыргызы: Очерки истории и быта населения Западного Тянь- Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001.