ИЛЕ (тарыхый аймак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИЛЕ to ИЛЕ (тарыхый аймак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЕ – тарыхый аймак. Иле өрөөнүнө байланыш­кан тарыхый маалыматтар өтө сейрек. Алгач­кы маалыматтар Тан династиясынын (7–10-кылымдар) тарыхында эскерилет. 638-жылы Юйгу Ше (Дулу) хан м-н Хилиши Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, батышын Дулу хан, чы­гышын Хилиши алып, Батыш түрк уруулары эки хандыкка бөлүнгөн. Натыйжада кыргыз­дар (гйегу, хягас) Дулу хандын ээлигинде кал­ган. «Худуд ал-алам» боюнча Ила дарыясы Иргадж-арт­тан башталып Ысык-Көлгө куят деп айтылган. Иле бою байыртадан бери эле Римден (Византия) Чыгыш Түркстан, Кытайга өткөн соода жолу­нун (к. Улуу Жибек жолу) өтө маанилүү бутагы болуп саналган. 7–13-кылымдарда Иле мусулман дүйнө­сүнүн чеги катары каралган, ал эми анын чы­гышындагы аймактар моңголдордун басып алуу­сунан кийин ислам динине киргизилген. Тимур­дун жортуулу тушунда Текес, Теке, Йака деген ат м-н эскерилген. М. Кашкари боюнча Иле дарыясы түрк жеринин Жейхуну (Аму-Дарыя) катары эсепте­линип, анын жээгинде тухсы, ягма, чигилдер жашаган. Өрөөн көбүнчө жайыт катары пайда­ланылган. Иледе жайгашкан шаарлар жөнүндө бир аз маалыматтар бар. Иле өрөөнүнөн 9–13-кылымдарга таандык 66 шаар калдыктары изилденген. Руб­рук Иленин түндүгүндө Эквиус деген шаар болго­нун ж-а анда фарсы тилинде сүйлөгөн сарацин­дер жашаганын эскерген. Армян падышасы Хетум аны Иланбалек, дарыяны Илан-су, ал эми кытайлыктар бул шаарды Или-бали же Илибани, башкача айтканда Илибалык – «Илидеги шаар» деп аташкан. Иленин Балхашка куйган жеринде (Ба­канас өзөнү) эски арык, курулуштардын уран­дылары калган. Бирок, анын кайсыл мезгилге тийиштүү экени аныктала элек. Адегенде Чага­тай улусунун, кийин бир аз убакыт Моголстан мамлекетинин борбору болгон Алмалык шаары дагы Иле аймагында жайгашкан. 15–16-кылымдарда Иледе кыр­гыз тарыхына байланышкан маанилүү окуялар болуп өткөн (кыргыздардын моголдорго, Тимур­га каршы күрөшү, Манап бийдин өлүмү). 17– 18-кылымдарда Иле өрөөнү толук Жуңгар хандыгынын кол алдында калган. 18-кылымдын экинчи жарымында Эсенкул баатырдын сунушу м-н кыргыздар Чүй, Иле жээгине жайгаша баштаган (к. Кыргыздар­дын Чүйгө келиши). Ушул мезгилге тийиштүү орус маалыматтарында кыргыз-казактардын чеги «Иле өзөнүнүн Балкашка куйган жерине 100 чакырым жетпей» ж-а «Иле суусу кыргыз­дарды Кытай мамлекетинен да, казактардан дагы бөлүп турганы» ырасталат (к. Кыргыз-ка­зак чек ара маселеси). Дарыянын сол жээги Үч Алматы, Сары-Токум кыштоосу, Челек, Каркы­ра, Кеген, Текес сарыбагыш ж-а бугу уруу­ларынын туруктуу жайлоосу болгон. 1847-жылы Капал чебинин тургузулушу м-н орустардын басып алуучулук саясаты күчөп, казактын Улуу жүзүнө кирген уруулар Иленин оң жээгине, ал эми ал жердеги кыргыздар акырындык м-н Чүй өрөөнүнө жыла баштаган. 1854-жылы Иленин оң жээгине Алматы шаары курулуп, 1881-жылы Россия м-н Кытайдын ортосунда чек ара маселелери чечилип, келишим түзүлгөн. Натыйжада, Кы­тайдын карамагында калуудан баш тарткан казактын албан урууларынын 5 миң түтүнү бугу уруусу конуштап жүргөн Кеген ж-а Те­кес сууларынын жогорку агымына көчүрүл­гөн. Ал эми бугу уруусу Ысык-Көлдүн түштүк та­рабына көчүрүлүп, кыргыз м-н казактын ор­тосундагы чек ара Санташ ашуусу аркылуу ажыратылган.

Ад.: Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана, Б., 1996; Андреев И. Г. Описание Средней Орды киргиз-койсаков. А., 1998; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или каракыргызы: Очерки истории и быта населения Западного Тянь- Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001.