ИМАНАЛИЕВ Мусалы
ИМАНАЛИЕВ Мусалы (1922‚ Чүй облусу‚ Аламүдүн району‚ Беш-Күнгөй айылы – 2004, ошол эле жер) – экономика илимдеринин доктору (1991)‚ профессор, КМПИни (1941)‚ Москва эл чарба институтун (1949)‚ Кыргыз CCР ИА ЭИнин аспирантурасын (1960) бүткөн. Кыргыз CCР телекөрсөтүү ж-а радио уктуруу комитетинде жооптуу секретарь (1945), Кыргыз ССР мампланда улук экономист (1949–50), Кыргыз CCР соода министрлигинде экономист‚ сектор башчысы (1950–52)‚ 1992-жылдан Кыргыз CCР ИА ЭИде илимий кызматкер болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Основные фонды и резерв роста производства. Ф.‚ 1966; Энергетические ресурсы Киргизии. Ф.‚ 1970; Проблема освоения энергетических ресурсов Киргизии. Ф.‚ 1966.