ГИДРОХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОХИ́МИЯ – жаратылыш сууларынын хим. курамын ж-а анын айлана-чөйрөдөгү физ., хим., биол. процесстерге байланыштуу өзгөрүүсүн изилдөөчү илим. Жер кыртышындагы минералдарды эритүүчү суунун касиетин, тоо тек, топурак, атм. аба ж-а организмдер м-н аракеттен үүсүнөн болуучу суудагы хим. процесстерди, гидросферадагы элементтердин миграциясын да изилдейт. Жаратылыш сууларынын белгилүү түрүн – агын суулардын, көлдөрдүн, деӊиз суусунун, жер алдындагы ж-а атм. суулардын хим. курамын аныктайт. Г-лык изилдөө үчүн анализдик химиянын түрдүү ыкмалары (спектр анализи, хроматография, полярография) колдонулат. Г. айрым өтмө илимдердин (петрография, гидрогеология, гидробиология ж. б.) өнүгүшү үчүн, суу м-н камсыз кылуу, сугаруу, кен издөө ж-а минералдык сууларга бальнеологиялык жактан баа берүү ж. б. практикалык иштер үчүн чоӊ мааниге ээ.