ГИЛЕЛЬC

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИ́ЛЕЛЬC Эмиль Григорьевич [6 (19). 10. 1916‚ Одесса – 14.10.1985, Москва) – пианист, педагог. CCCР эл арт. (1954)‚ Cоц. Эмг.

Баатыры (1976), CCCР мамл. сыйл. (1946)‚ Лениндик сыйл. (1962) лауреаты. 20-к-дын эң чоң пианисттеринин бири. 1935–38-ж. Одесса консерваториясын‚ 1938-ж. Москва консерваториясынын жогорку чеберчилик мектебин бүткөн. 1929-ж. пианист катары алгачкы концертин берген. 1938-жылдан Москва консерваториясында окутуучу‚ 1952-жылдан проф. Г. – 20-к-дын эӊ мыкты пианисттеринен. Анын аткаруучулук өнөрү эмоциялуулугу‚ виртуоздуулугу м-н айырмаланат. Ал пианисттердин эл аралык конкурстарынын жеӊүүчүсү (Вена‚ 1936‚ 2-сыйл; Брюссель‚ 1938‚ 1-сыйл.). Үч Ленин‚ башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.