ГИМАЛАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИМАЛА́Й (санскрит тилинде «хималайя» – кар турагы) – Жер шарындагы эӊ бийик тоо системасы. Тибет тайпак тоосу (түндүктө) м-н Инд-Ганг түздүгүнүн (түштүгүндө) аралыгында, Индия, Непал, Кытай, Пакистан, Бутандын аймагында. Уз. 2400 кмден ашык, туурасы 350 кмге чейин. Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 6000 м, эӊ бийик жери 8848 м – Жомолунгма (Эверест) чокусу. Бийикт. 8000 мден ашкан дагы 11 чоку бар. Борб. Азиянын тоолуу чөлү м-н Түш. Азиянын тропиктик ландшафттарынын ортосундагы орографиялык, климаттык ж-а флоралык чек болуп эсептелет. Бирок, Г-да Инд, Сатлеж, Карнали, Арун д-нын антецеденттик өтмө капчыгайлары болгондуктан, Инди океанынын алабын Борб. Азия туюк облусунан бөлүп турган суу бөлгүч Г. аркылуу эмес, анын түндүгүндөгү Кара-Корум, Трансгималай тоолору аркылуу өтөт. Г. Инд-Ганг түздүгүнөн 3 баскыч болуп тик көтөрүлөт. Г-дын 1-баскычы болгон С и в а л и к к ы р к а т о о с у көптөгөн дарыялардын тереӊ капчыгайлары м-н тилмеленген; деӊиз деӊг. орт. бийикт. 900–1200 м; жазылыгы ба-

Гималай Жер шарындагы эӊ жаш тоо.

тышында 120 км, чыгышында 5–10 кмге чейин кууштайт. Бул кырка тоо кийинки баскычтан тоо аралык айрым өрөөндөр – ойдуңдар тизмеги (Кашмир ж. б.) м-н бөлүнгөн. Ойдундарды мурда көлдөр ээлеп жаткан. Экинчи баскычын – К и ч и (Ж а п ы з) Г. түзөт; ал орт. бийикт. 3000–4000 м, чокулары 6000 мге жеткен тоо массивдеринен ж-а кырка тоолордон (Пир-Панжал, Дхаоладхар, Махабхарат ж. б.) турат. Тоолору өтө тилмеленген, түш. капталдары тик, түндүгү салыштырмалуу жантайыӊкы. Кийинки баскычтан тоо аралык тектон. ойдуӊдар ж-а байыркы мөӊгүлөрдөн пайда болгон чуӊкурдуктар (Катманду, Сринагар ж. б.) аркылуу бөлүнөт. Үчүнчү баскычын Ч о ӊ (Б и й и к) Г. же Б а ш к ы Г. кырка тоосу түзөт; анын жазылыгы 50–90 км. Түн.-батышта Нангапарбат массивинен (бийикт. 8126 м) башталат, Чоӊ Г-дын бул бөлүгү эӊ жазы (300 кмден ашык), чет-жакалары бийик, алардын аралыгынан бийик тайпак тоолор (Деосаи, Рушпу ж. б.) орун алган. Сатлеж д-нын өрөөнүнөн түш.-чыгышты карай Чоӊ Г. мөӊгүлүү өтө бийик тоо массивдерин, чокуларды пайда кылат. Тиста д-нан чыгышты карай Чоӊ Г. кыйла жапыздайт.
Г-дын геол. структурасына бири-бирине жарыш жаткан айрым тектон. зоналар мүнөздүү; алар: Г-дын түш. этеги аркылуу созулуп жаткан Инд-Ганг тектон. ийилүүсү; Кичи ж-а Чоӊ Г-ды камтыган метаморфизмге дуушарланган кембрийге чейинки комплекс; Башкы Г-дын түн. капталын, Кашмир ойдуӊунун бир бөлүгүн, Инд ж-а Брахмапутра д-нын башатын камтыган кембрийге чейинки, палеозой, мезозой комплекстери (Тибет Г-ы); жаракаларды жээктей жаткан ийилүүлөрдү камтыган бор-палеоген комплекси («Инд флиши»); альп геосинклиналдык комплекси (бор-палеоген). Бул зоналар ири тектон. жаракалар м-н бөлүнгөн. Көпчүлүк илимпоздордун пикири б-ча Г. Тетис геосинклиналынын чегинде пайда болгон альп бүктө- лүшүнө кирет. Жез, алтын, хромит, сапфир, Г-дын түн. этегиндеги ийилүүлөрдө нефть, газ кендери бар.
Г. экватордук муссон климаттуу Индстанды континенттик климаттуу Борб. Азиядан бөлүп туруучу к л и м а т т ы к чек болуп саналат. Г-дын батыш секторуна темп-ранын кескин өзгөрүшү, катуу шамал мүнөздүү. Кышы суук (январдын орт. темп-расы –10…–18°С), 2500 м бийиктиктен жогору кар аралаш бороон согуп турат. Жайы жылуу (июлдун орт. темп-расы 18°Сдей), кургак. Муссондун таасири анча эмес, июль–августтагы нымдуулуктан ж-а булуттуулуктан гана байкалат. Жаан-чачындын жыл-

дык орт. өлчөмү 1000 ммдей, ал негизинен циклондорго байланыштуу; ойдуӊдарда тоо капталдарына караганда 3–4 эсе аз жаайт. Негизги ашуулары майдын аягында гана кардан арылып, жол ачылат. Г-дын батышында, деӊиз деӊг. 1800–2200 м бийиктиктерде Индиянын климаттык курортторунун көбү (Шимла ж. б.) жайгашкан. Г-дын чыгыш сектору кыйла ысык келип, муссондук режимдеги нымдуу климат өкүм сүрөт (жылдык жаан-чачындын 85–95% май–ноябрь айларына туура келет). Жайында 1500 м бийиктикте абанын темп-расы тоо капталдарында 35°Сге, өрөөндөрдө 45°Сге чейин көтөрүлөт. Жамгыр дээрлик тынымсыз жаайт. Түш. капталдарында (3000–4000 м бийиктикте) 2500 ммден (батышында) 5000 ммге чейин (чыгышында), ички аймактарында 1000 ммдей жаайт. Кышында 1800 м бийиктикте январдын орт. темп-расы 4°С, 3000 м бийиктиктен жогору абанын темп-расы 0°Сден төмөн. Кар жыл сайын 2200–2500 мден жогору жаайт, өрөөндөрүн калыӊ туман басат. Г-дын түн. капталына суук тоо-чөл климаты мүнөздүү. Абанын темп-расынын суткалык амплитудасы 45°Сге чейин, жылдык жаан-чачыны 100 ммдей. Жайында 5000–6000 м бийиктикте абанын темп-расы күндүзү гана 0°Сден жогору көтөрүлөт. Абанын салыштырмалуу нымдуулугу 30–60%. Кышында кар эригенге үлгүрбөй, көбүнчө бууланып кетет.
Д а р ы я л а р ы негизинен түш. капталдарында. Жогорку агымдарында кар ж-а мөӊгү сууларынан куралып, агымы сутка ичинде кескин өзгөрүп турат; ортонку ж-а төмөнкү агымдарында жамгырдан куралып, жайында кирет. Өрөндөрү кууш, тереӊ, босоголор ж-а шаркыратмалар көп. К ө л д ө р ү тектон. кыймылдан ж-а мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон; алар айрыкча Г-дын батыш бөлүгүндө көп (Вулар, Цоморари ж. б.).
Г-дагы м ө ӊ г ү л ө р д ү н жалпы аянты 33 миӊ км2ден ашык. Эӊ узун мөӊгүлөрү Жомолунгма (19 кмге чейин) ж-а Канченжанга (26 ж-а 16 км) массивдеринде. Кумаон Г-ындагы Милам мөӊгүсүнүн уз. 20 кмге, Ганготри мөӊгүсүнүкү 32 кмге, Пенжаб Г-ындагы Дурунг-Друнг мөӊгүсүнүкү 24 кмге, Бармаль мөӊгүсүнүкү 15 кмге жетет. Кашмирде мөӊгүлөрдүн этеги 2500 м, Г-дын борб. бөлүгүндө 4000 м бийиктикте жатат. Мөӊгүнүн көбү Г-дын батыш бөлүгүндө. Кар чегинин бийиктиги батыш бөлүгүнүн түш. Капталдарында 5000 м, түн. капталдарында 5700–5900 м, чыгышында түш. капталдарында 4500–4800 м, түндүгүндө 6100 м. Мөӊгүлөрү дендрит (гималай) тибинде, кар чегинен 1300–1600 м төмөн түшөт. Түркстан тибиндеги мөӊгүлөр да кездешет. Түн. капталындагы зор мөӊгүлөр чокуларды чүмкөп жатат.
Л а н д ш а ф т ы өтө ар түрдүү, айрыкча түш. капталдарында. Тоо этектей чыгышта Жамна д-нын өрөөнүнө чейин саздуу, чер токойлуу тилке – тераи созулуп жатат. Дарак-бадалдуу бул токойдо (жунглиде) самын дарагы, мимоза, желпүүр пальма, бамбук, банан, манго ж. б. өсөт. Анын астында илээшкек кара топурак өөрчүйт. Андан жогору 1000–1200 мге чейин, тоонун айдарым капталдарында ж-а дарыя өрөөндөрүндө дайыма жашыл нымдуу тропиктик токой пальма, лавр, панданус, дарак сымал папоротниктер, бамбуктардан туруп, лианалар (400дөй түрү бар) м-н чырмалган. Батышында 1200 мден, чыгышында 1500 мден өйдө таралган дайыма жашыл жазы жалбырактуу токой эмендин түрлөрүнөн, магнолиядан турат; 2200 мден жогору жалбырагын күбүүчү (ольха, жаӊгак, кайыӊ, ак чечек) ж-а ийне жалбырактуу (гималай кедри, көгүлтүр кызыл карагай, жалтырак карагай) мелүүн типтеги токой кездешет; анда топурак кыртышы ж-а дарак сөӊгөктөрүн мамык чөп ж-а эӊилчектер каптап жатат. 2700–3600 м бийиктикте көк карагай, кара карагай, тсуга, арча ж-а алардын арасында өскөн рододендрондуу бадалдардан турган ийне жалбырактуу токой басымдуу. Бул токойдун астында кызыл, токойдун коӊур топурактары өөрчүйт. Субальп алкагында арча-рододендрондуу бадалдар өсөт. Альп шалбаасынын жогорку чеги 5000 м болсо да, анын айрым өсүмдүктөрүн (аренария, мамыры) 6000 м бийиктиктен жогору да кездештирүүгө болот.
Г-дын батыш бөлүгүнүн ландшафты кыйла ксерофиттүү. Мында тераи жок, тоо капталдарынын этек бөлүктөрүн ксерофиттүү сейрек токой ж-а бадалдар, андан жогору сал дарагы басымдуу болгон жалбырагын күбүүчү муссон токою ээлейт. 1200–1500 м бийиктиктен жер ортолук деӊиздик субтропиктик түрлөр – дайыма жашыл таш эмени, жалтырак жалбырактуу май дарагы, зараӊ, ийне жалбырактуу токойдо гималай кедри, узун ийне жалбырактуу кызыл карагай (чир), македон көгүлтүр кызыл карагайы кездеше баштайт. Г-дын чыгышына караганда токой арасы бадалдарга жарды, ал эми альп өсүмдүктөрүнө бай. Токой зонасында кызыл топурак, токойдун чириндиге жарды коӊур, андан жогору псевдокүлдүү коӊур, альп алкагында тоо-шалбаа топурактары басымдуу. Тоо капталдарынын этек бөлүктөрүндөгү токойлорду ж-а тераини ири сүт эмүүчүлөр – пил, керик, жаныш, каман, антилопа, жырткычтардан – жолборс, кабылан мекендейт; маймылдар (көбүнчө макака, шыӊгыттай маймыл) ж-а канаттуулар (тоос, кыргоол, тотулар) көп.
Г-дын түн. капталдарында сейрек кургакчыл чөп өсүмдүктөрү ж-а бадалдуу тоо-чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Дарак өсүмдүктөрү (жапалак теректүү токойчолор) негизинен дарыя өрөөндөрүндө кездешет. Жаныбарлардан тибет фаунасынын өкүлдөрү – гималай аюусу, тоо эчки, тоо теке, топоз басымдуу. Кемирүүчүлөр көп. Капталдары 2500 м бийиктикке чейин иштетилет. Плантациялык өсүмдүктөр – чай, цитрус басымдуу; сугат тектирлерде – шалы өстүрүлөт. Г-дын түндүгүндө арпа 4500 м бийиктикке чейин эгилет. Деӊиз деӊг. 5000 мден жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат. Альпинизм (негизинен Непалда) өнүккөн.
Ад.: Рябчиков А. М. Природа Индии. М., 1950; Резвой Д. П. О великом георазделе Азиатского материка // Складчатые области Евразии. М., 1964; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Куракова Л. И., Рябчиков А. М. Гималаи // БСЭ, Т. 6. М., 1971; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ө. Бараталиев.