ВАСИЛЕВСКАЯ
ВАСИЛ́ЕВСКАЯ Ванда Львовна (21.1.1905, Краков –29.7.1964, Киев) – поляк жазуучусу, коомдук ишмер, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1943, 1946, 1952). Краков ун-тин бүтүргөн (1927). Поляк тилинде жазган. Ал – «Күндүн келбети» (1934) повестинин, «Ата журт» (1935) романынын автору. «Суу үстүндөгү ыр» («Саздагы жалын», 1940; «Көлдөгү жылдыздар», 1945; «Дарыялар алоолойт», 1951) үчилтигинде бурж. Польшадагы элдердин улуттук-боштондук күрөшүн чагылдырган. «Көк желе» (1942) повестинде адамдардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктерин сүрөттөгөн. В. 1940–64-ж. СССР Жогорку Советинин (1–6-шайланышы) депутаты, Бүткүл дүйнөлүк тынчтык советинин мүчөсү болгон. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. ВАСИЛЕВСКИЙ Александр Михайлович [18 (30). 9. 1895, Кострома губерниясы, Кинешемск уезди, Жаны Гольчиха кыш. – 5. 12. 1977, Москва] – сов. аскер ишмери, Сов. Союз. Маршалы (1943), эки жолку Сов. Союз. Баатыры (1944, 1945). Кострома диний семинариясын (1914), Алексеев аскердик окуу жайын (1915), Генштаб аскер академиясын (1937) бүтүргөн. Биринчи дүйнөлүк согушта взвод, рота командири, штабс-капитан. 1917-ж. демобилизацияланган. 1918–19-ж. граждандарды аскерге даярдоо системасында инструктор, андан кийин Тула губерниясынын Новосильск уездине караштуу Верховье ж-а Подьяковлево кыш-нда мугалим, 1919-жылдын апрель айынан Кызыл Армиянын катарында. 1917–22-ж. граждандык согуш мезгилинде взвод, рота, батальон командири, полк командиринин жардамчысы, 1920-ж-дагы совет-поляк согушунун катышуучусу, 1920–36-ж. Кызыл Армиянын курамында командалык ж-а штабдык кызматтарда. 1936-ж. күзүндө Генштабдын Аскер академиясына кабыл алынган 1940-жылдан Генштабдын Оперативдик башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 1941-жылдын августунан Генштабдын начальнигинин орун басары – Оперативдик башкармалыктын начальниги, 1942-жылдын июнунан Генштабдын начальниги, октябрь айынан бир эле учурда СССР Коргоо эл комиссарынын орун басары, Жогорку Башкы командачынын тапшырмасы б-ча Сталинград (1942–43), Курск (1943) салгылаштарында ж. б. бир катар ири согуштук операцияларды координациялаган. 1945-ж. февралдан Жогорку Башкы командачынын Ставкасына киргизилип, 3-Белорус фронтунда командачы. Ал Чыгыш Пруссияны ж-а Кёнигсберг ш-н алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзгөн. 1945-ж. совет-япон согуш учурунда Ы. Чыгыштагы сов. аскерлерге Башкы командачы болуп, япондук Квантун армиясын талкалоого катышкан. 1946-жылдан Генштабдын начальниги, СССРдин Куралдуу Күчтөр министринин орун басары, биринчи орун басары, 1949–53-ж. Куралдуу Күчтөр министри, 1953–56-ж. СССР Коргоо министринин биринчи орун басары, 1956–57-ж. Коргоо министринин аскер илими б-ча орун басары болуп иштеген. 2 Жениш, 8 Ленин, 1-даражадагы Суворов ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.