ГИМНАЗИЯ
ГИМНА́ЗИЯ (гр. gymnfsion) – 1) жалпы билим берүүчү орто окуу жайы. Негизинен гуманитардык билим берет ж-а окуучуларды ЖОЖго кирүүгө даярдайт; 2) окуучуларды жөндөмүнө жараша тереӊ, профилдүү, жиктелген окутууну жүзөгө ашыруучу жалпы орто ж-а кошумча билим берүүчү мекеме. «Г.» термини Байыркы Грекиядагы мамл. окуу-тарбия мекемелери – гимнасий дегенден алынган. 1538-ж. Францияда ачылган орто мектеп Г. деп аталган. Россияда Г. адегенде 1726-ж. Петербургда, кийин 1755-ж. Москва ун-тинин алдында, 1758-ж. Казанда ачылган. Россияда 19-к-дын 60-жылдарында аялдар Г-сы пайда болгон. Анда коомдук ж-а табият илимдери окутулган. Кырг-нда Г. 1990-ж. Бишкек ш-нда ¹ 5- ж-а ¹ 6-мектептеринин
базасында ачылган. 2006-ж. респ-да 100дөн ашык Г. болгон.