ГИПЕРГЕН КЕНДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕРГЕ́Н КЕНДЕРИ (гипер… ж-а …ген), с е д и м е н т о г е н к е н д е р и, э к з о г е н к е н д е р и – жер бетинде пайда болгон кендер. Г. к. жер бетинде ж-а анын кыртышынын чамалуу гана тереӊдигинде, о. эле көл, деӊиз, океан түбүндө, саздарда мех., биогеохим. процесстердин натыйжасында пайда болгон кендер. Мында процесстер адегенде тереӊдикте жүрүп, кийин жер бетине чыгып калган тоо тектер м-н кендердин минералдык заттарына таасирин тийгизип, аларды өзгөртүп, ажыроого учуратат. Г. к. калдык, инфильтрация, чачынды (россыпь) ж-а чөкмө болуп бөлүнөт. К а л д ы к Г. к. үбөлөнүү зонасында эриген минералдык кошундулар суу м-н агып, эрибеген же начар эриген калдыктар ошол орунда калып калышынан пайда болот. И н ф и л ь т р а ц и я Г. к. жер астындагы суулардын курамындагы баалуу заттардын (уран, жез, күкүрт) чөгүүсүнөн, ч а ч ы н д ы Г. к. тоо этектеринин, дарыя ж-а деӊиз жээктеринин борпоӊ чөкмө тоо тектеринде оор ж-а баалуу металлдар м-н минералдардын (алтын, платина, вольфрамит, касситерит, циркон, ильменит, алмаз ж. б.) топтолуусунан пайда болот. Ч ө к м ө Г. к. деӊиз ж-а континенттик суулардын түптөрүндө чөкмөлөрдүн (көмүр, күйүүчү сланецтер, нефть, күйүүчү газ, туз, фосфориттер, темир, марганец, алюминий, уран, жез, ванадий кенташтары; кум-шагыл, чопо, акиташ ж. б.) жыйналуусунан пайда болот. Өнөр жайлык маанидеги кен байлыктардын ирилери Г. к. м-н байланыштуу.