ГИПЕРТОНИЯ ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕРТОНИ́Я ООРУСУ – жүрөк-кан тамыр системасынын артерия кан басымынын туруктуу жогорулашы м-н мүнөздөлгөн оорусу. Г. о. кан басымын жөнгө салуунун бузулушунан болуп, жүрөк-кан тамыр системасынын өтө көп таралган ооруларынын бири. Анын өөрчүшүнө нерв эмоциялык таасирлер, туздуу тамак-ашты көп ичүү, семирүү, аз кыймылдоо, тамеки тартуу, ичкилик ж. б. себеп болот. Бул оору м-н жумушчуларга караганда акыл эмгегинин адамдары, о. эле айылда жашагандардан шаардыктар (3 эсе көп) көбүрөөк оорушат. Г. о-н орус окумуштуусу Г. Ф. Ланг 1922-ж. алгачкы жолу сыпаттап жазган. Кырг-ндын илимпоздору М. М. Миррахимов, М. А. Алиев ж. б. бийик тоодо Г. о. азыраак болорун байкашкан. Бул ооруда тескери эмоциянын таасири м-н борб. нерв системасы өтө чыӊалып, солгун иштей баштайт. Мээ кыртышына дүүлүгүү ж-а тормоздоо процесстеринин өз ара катнашы бузулат, кан тамырды кыймылдатуучу борбордун иши начарлайт. Г. о-нун өнүгүшү 3 стадияга бөлүнөт. 1-стадиясында артерия басымы кез-кезде жогорулап, жүрөк тез-тез кагат, жүрөк туш ооруп, начар уктап, акыл эмгегине жөндөмдүүлүк азаят. 2-стадиясында артерия басымы көп учурда жогорулап, баш айланат, кол, буттун манжалары уюп, уйку качат, көз чыбырчыктап, тез чарчайт. 3-стадияда артерия басымы дайыма өтө жогору болуп, дарылоодон нормага чейин төмөндөбөйт, инсульт, кан куюлуу, жүрөк ишинин начарлашы байкалат. Бул оорунун белгилери негизинен жүрөк-кан тамыр, борб. нерв системаларынын ж-а бөйрөк ишине байланыштуу болот. Анын белгилери: баш (кара куш, чыкый) ооруйт, кулак чуулдап, көз начар көрөт, жүрөктүн сол карынчасы чоӊоёт (гипертрофия). Г. о-нун алдын алуу үчүн коомдук жерлерде, үй-бүлөдө, иштеген мекемеде ар кандай тескери эмоцияларга жол бербөө, эмгек м-н эс алууну туура уюштуруу зарыл. Мындай оорулууга аз кыймылдоо өтө зыян, дарылоочу физкультура, таза абада сейилдөө, сууга сүзүү ж. б. пайдалуу. Ичкилик ичүүдөн, тамеки тартуудан, семирүүдөн сактануу зарыл. Г. о. табияты б-ча өнөкөт оору болгондуктан, аны узак убакыт врач дарылайт. Диетаны туура сактоонун да мааниси чоӊ. Врачтын көрсөтмөсүсүз башаламан дарылануу гипертониялык кризге дуушар кылат. Гипертониялык криз мээге ж-а анын кабыкчаларына же башка органдарга кандын жетишсиз же кечигип келүүсүнөн, оорунун күчөшүнөн, кан басымынын (диастолалык) жогорулашынан болот.
Ад.: Мясников А. Л. Гипертоническая болезнь и атеросклероз. М., 1965; Алиев М. Н. Гипертония и горный климат. Ф., 1966; Миррахимов М. М. Болезни сердца и горы. Ф., 1971.