ГИПОГЕН КЕНДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПОГЕ́Н КЕНДЕРИ (гипо… ж-а genеs – жаралуу), м а г м а т о г е н к е н д е р и, э н д о г е н к е н д е р и – жер кыртышынын түпкүрүндө пайда болгон кендер. Г. к. жер кыртышынын төмөнкү катмарларындагы жогорку басым м-н темп-ра шартында магма эритмелериндеги же газ-буудагы ж-а ысык суу эритмелериндеги минерал заттарынан пайда болот. Ага магма, пегматит, карбонатит, скарн ж-а гидротерм кендери болуп 5 генезистик топко бөлүнөт, к. Магма кендери, Пегматит кендери, Карбонатит кендери, Скарн кендери, Гидротерм кендери.