ГИПОКСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПОКСИ́Я (гипо... ж-а лат. oxygenium – кычкылтек), к ы ч к ы л т е к ж е т и ш с и з д и г и – организмдин ткандарында кычкылтек жетишпегенден пайда болгон абалы. Ал катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган Г. кан көп кеткенде, миокарддын инфарктында, ис урганда пайда болуп, борб. нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн функциясы жабыркайт. Өнөкөт Г. жүрөк кемтигинде, кардиосклероздо, ткандарды кан м-н жабдуу начарлаганда болуп, жүрөк-кан тамыр, дем алуу системалары ж-а кан пайда болуу жабыркайт. Ал абада кычкылтек жетишсиз болгон учурда мис., бийик тоого чыкканда (түтөк), шахтада, суу астындагы кайыкта иштегендерде ж. б. пайда болот. О. эле дем алуу жолун бөтөн нерсе бүтөп калганда, бронх астмасында, өпкө ооруларында болушу мүмкүн. Нерв системасы кычкылтектин жетишсиздигин өтө тез сезет. Анда организмдин клетка, ткандарында зат алмашуу өзгөрөт, жүрөк иши начарлап, тез согуп, баш ооруйт, ал кетет, булчуӊдар чымырап ооруйт; баш айланып, көӊүл караӊгылайт, кулак тунуп, уйку качат, демигет, муздак тер басат, кол, бут муздайт, эстен танат ж. б. Алдын алууда аны пайда кылган негизги себептерин жок кылуу, кычкылтек жетишсиздиктен болгон Г-да жабыркаган кишини таза абага чыгаруу, кычкылтек м-н дем алдыруу керек. Г. бийик тоо шартына байланыштуу пайда болсо, организмди алдын ала машыгуудан өткөрүү зарыл.