ГИССАР КОЮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИССАР КОЮ – эт-май багытындагы, тегерек куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Салмагы б-ча дүйнөдөгү койлордун ириси. Тажикстанда элдик селекциянын негизинде чыгарылган. Жыл бою жайытта багылып, катаал шартка чыдамдуу келет. Кочкорунун салмагы 130–140 кг, эӊ чоӊу 190 кг, соолугу 80–90 кг, айрымы 150 кгга жетет. Куйругу 18–20 кг. Г. к. чымыр, башы чоӊ, токол, шалпаӊ кулак; тез жетилет. Сойгондо 58–60% эт чыгат. Кочкорунан 1,3–1,6 кг, соолугунан 1,0–1,4 кг жүн кыркылат. Алты айлык козусунун салмагы 60 кгдан ашат. Жүнүнүн 38–80% тыбыт. Бир жылда 2 жолу – жазында ж-а күзүндө кыркылат. Таза жүнү 60–70%. Г. к.

Тажикстанда, Өзбекстан ж-а Кыргызстандын айрым р-ндорунда асыралат. Кыргызстанда Ысык-Көл обл-нун Тоӊ р-нундагы «Айкөл» кооперация чарбасында Г. к. кыргыз уяӊ жүндүү кою м-н аргындаштырылып, айкөл коюнун тобу чыгарылган.