ГЛИКОЛИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛИКО́ЛИЗ (гр. glykes – таттуу ж-а lesis – эрүү) – организмде глюкозадан кычкылтексиз (анаэробдук) шартта сүт к-тасын пайда кылуучу татаал ферменттик процесс. Анаэробдук шарттагы Г-ден бошонгон энергия АДФтен АТФти синтездөө үчүн пайдаланылат: С6Н12О6-+2АДФ+2Н3РО4􀁯2СН3СНОНСООН+2АТФ. Тирүү жандыктардын, өсүмдүктөрдүн ж-а көпчүлүк бактериялардын организминдеги энергияны камсыз кылат. Өсүмдүк, ачыткы ж-а бактерия клеткаларында өтүүчү сүт-кычкыл, май-кычкыл, спирттик ачуу процесстери Г-ге окшош. Көбүнчө адам ж-а айбанаттардын денесинде анаэробдук Г. булчуӊдар өтө иштегенде, клеткада кычкылтек жок же аз калганда жүрөт. Г. кычкылтексиз чөйрөдө энергия топтогондуктан, булчуӊ клеткалары, сперматозоиддер, өсүп жаткан (а. и. шишик) ткандар үчүн мааниси чоӊ.