ГЛИНКА
ГЛИ́НКА Михаил Иванович [(20. 5 (1. 6). 1804, азыркы Смоленск обл., Новоспасский кыш. – 3 (15). 2. 1857, Берлин)], – композитор, орус классикалык музыкасына негиз салуучу. Помещиктин үй-бүлөсүнөн. 1817-ж. Петербург Башкы пед. окуу жайындагы Благородный пансионунан окуп, фортепьяно, скрипка, ырдоо, композиция, теория б-ча сабак алган. 1830-жылдан чет өлкөлөрдү (Италия, 1830–33; Берлин, 1833–34, 1856–57; Париж, 1844–45; Испания, 1845–47) кыдырып, атактуу композиторлор м-н кездешкен, муз. билимин өркүндөткөн. Орус ж-а дүйнөлүк муз. тажрыйбаны өздөштүрүү Г-нын жаӊычыл чыгармалар жаратуусуна негиз болгон. 1836-ж. Петербург Чоӊ театрында

И. Е. Репин тарткан портрет. 1887. Третьяков галереясы. Москва.
анын «Иван Сусанин» операсы коюлуп, анда элдин майтарылбас эрдиги, патриотизм идеясы сүрөттөлгөн. 1842-ж. ушул эле театрда «Руслан менен Людмила» операсы коюлган. Г. классикалык орус операсына, симфонияга негиз салып («Камаринская» ж. б.), вокалдык лириканын тарыхында жаӊы доорду ачкан (мис., А. С. Пушкиндин сөзүнө «Петербург менен коштошуу» романстар цикли). Г-нын «Испан увертюралары» – «Арагон хотасы» (1845), «Мадрид түнү» (1848) симф. музыкада испан муз. фольклорун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө алгач ирет жол ачкан. Украин, поляк, финн, италян, чыгыш элдеринин муз. образдары м-н обондорун өз чыгармаларында чеберчилик м-н пайдаланган. Г. – 80ге жакын чыгарманын автору. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында анын «Иван Сусанин», «Руслан менен Людмила» опералары коюлган.
Ад.: Орлова А. М. И. Глинка. Летопись жизни и творчества. М., 1952; Глинка в воспоминаниях современников. М., 1955.