ВАСИЛЬЕВ
ВАС́ИЛЬЕВ Владимир Яковлевич [15 (28). 6. 1907, Киев – 3. 4. 1977, Фрунзе] – режиссёр, Кыргыз ССР эл арт. (1958). Москвадагы театр студиясын (1924–27), ГИТИСти (1930–35) бүтүргөн. В-дин өмүрү ж-а чыг-лыгы кыргыз театр өнөрү м-н байланышкан. Ал улуттук муз. театр м-н
опера иск-восунун өнүгүшүнө режиссёр ж-а педагог катары салым кошкон. В. дүйнөлүк, орус ж-а кыргыз авторлорунун 30дан ашык спектаклин койгон. Алар: «Алтын кыз» (1936), «Айчүрөк» (1939), «Манас» (А. Куттубаев м-н бирге, 1946), «Карганын маткеси» (1950), «Риголетто» (1953), «Аида» (1960), «Оптимисттик трагедия» (1965), «Белгисиз солдат» (1967) ж. б. Эки Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.